Класстан тышкаркы иштер

Мектепте класстан тышкаркы иштер тарбиялоонун багыты боюнча бөлүштүрүлүп, мерчемдин негизинде уюштурулат.

Мектепте класстан тышкаркы иштер төмөнкү формада өткөрүлөт, кече, сынак, ШОК (шайыр окуучулардын клубу) тегерек стол, экскурсия, жолугушуулар, викториналык сынактар, улуттар ынтымагын чындаган иш чаралар.

Жол кырсыктарын болтурбоо жөнүндө мерчемдин негизинде МАИ кызматкерлери жана ЖКЖТ тобу менен бирдикте окуучуларга сабактар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатты.

Класстык бурч, ден соолук бурчтары, коопсуздук бурчтарынын толтурулушу көзөмөлгө алынды.

Тил күнүнө карата мерчем түзүлүп, ал боюнча «Искусство» УБ нин мүчөлөрү майрам өткөрүлдү, анда китеп көргөзмөсү уюштурулуп, видеотасмалар көрсөтүлүп, патриоттук мазмунундагы эне тил жөнүндө ырлар айтылып, кыргыз элинин унутта калган ырларын ырдап берген сон, кыргыз билиминин өнүгүшүнө салым кошкон улуу инсандар жөнүндө накыл сөздөр айтылып, өмүр баяндарына токтолуп өтүшү да, жаӊылмачтар, табышмактар айтылды.

5-класстардын окуучуларын «Жалын» уюмуна кабыл алуу иш чарасы болуп өттү, андан соӊ ушул уюмдан өзүн-өзү башкаруу уюмунун парламентине окуучулар, мугалимдердин жана мектеп окуучуларынын жардамы менен шайлоо иштери болуп өттү, анда мектеп президентине Талантбеков Б шайланып калган президенттике койгон окуучулар мектеп парламентинин түзүмүн толукташты.

Парламенттин жылдык иштөө мерчеми түзүлдү. Эн биринчи иштердин катарында «өзүн-өзү башкаруу айлыгын өткөрүү» болуп эсептелди.

«Биз зордук зомбулукка каршыбыз», «Эрте турмуш куруу – бул кылмыш» темаларында коомчулук менен бирге чогулуш өтүлүп, анда 7-8-11-класстын окуучуларынын катышуусунда атайын сценкалар даярдалып, коомдун көйгөйү болгон маселелер чагылдырылды.

Январь айынан тартып, ата-энелер мектеби уюштурулуп, андагы иш чаралар боюнча мерчем түзүлүп, ага ар бир класстан активдүү ата-энелер катталып, мектеп мугалимдери тарабынан окутула баштады. Башталгыч класстар 36 сааттык курсту өтүшсө, жогорку класстын окуучулары да 36 сааттык курсту өтүштү. Башталгыч класстардын ата-энелер тарабынан «Атам, апам жана мен спорттук үй-бүлө» деген таймаш болуп өттү, анда Ыдырысовдун үй бүлөсү женүүчү деп табылды. «Мыкты эне 2019» кароо сынагы болуп, ага 6 эне балдары менен катышып, жыйынтыгында 7-б, 9-б, 2-б класстарынын энелери мыкты даярдыкта келди деп белгиленди.

Башталгыч класстар Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата өткөрүлүп жаткан «Белекке китеп тартуулайлы» акциясына активдүү катышып жатышат.

«Жоокер ыры» кароо сынагында вокал боюнча Бейшенбаева Б, көркөм айтуу боюнча Керимбекова Р катышып, райондук турда I орунга ээ болушту, ал эми Керимбекова Р областтан II орун алып кайтты.

«Мен Кыргызстандык экениме сыймыктынам» — кароо сынагына вокал боюнча Сатыбалдиева Н, бий боюнча Кубанов Ч райондон I  орунга ээ болуп, областтык турдан III орунга ээ болуп кайтышты.

«Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» райондук кароо сынагында «Намыс» командасы II орунга ээ болушту.

«Ийгиликке карай жол» сүрөт сынагына 4-11-класстардын окуучуларынан 32 окуучу катышып, байгеге ээ болду.