Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Академик М.Мамакеев атындагы мектеп гимназиясы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан. Мектеп 1920-жылы негизделген, 1956-жылдан баштап Мичурин атындагы орто мектеп болгон, жаңы имараты 1971-жылы салынган, 1992-жылдан баштап Академик Мамбет Мамакеевдин ысымын алган. Мектеп имараты 2 кабат, 35 класстык бөлмө, 1 директордун бөлмөсү, 1 усулдук кабинет, 1 мугалимдер бөлмөсү, 2 компьютердик кабинет, 1 мед.кабинет, 1 китепкана, 10 орундуу окуу залы,жыйындар залы, мектеп музейи, 100 орундуу ашкана,кыздар жана  балдар үчүн кол эмгек кабинеттери, спорттук зал, спорттук аянтча, 5 интерактивдүү доска, иштейт. Химия, физика, география, биология кабинеттери жаңы технологиялар менен жабдылып заманбап үлгүдө жасалган. Мектепте 1081 окуучу билим алат, 89 мугалим эмгектенет, декреттик өргүүдө 10 мугалим.

 Жайгашкан жериКыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Чкалов көчөсү №77
Мектеп директору ( тел номери)Молдокеримова Ракима Жапаровна

0709 20 56 57     0550 32 56 57

Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарыАлмакунова Алтынгүл Калыковна

0554 11 56 57  0708 53 55 53

Директордун илимий усулдук иштер боюнча орун басарыИшенбекова Айзада Мухтаровна

0709 45 88 58

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучуСагынбаева Айнура Азаматовна

О701550075

Директордун окуу иштери боюнча орун басарыТабылбек кызы Бермет

0705 04 15 25

Директордун башталгыч класстар боюнча орун басарыАлымжан кызы Кенжегүл

0556 29 56 57,  0773 10 79 01

Мектептин социалдык педагогуМамырбаева Бактыгүл Баскеевна

0702 51 84 82

Почта  е-mail[email protected]
Факс, веб-сайтmamakeev.mektebim.kg

 

Мектеп 2014-жылы мектеп-гимназиясы статусуна ээ болду.

2014-жылы республикалык100 инновациялык мектептердин  катарына кирип, инновациялык мектеп  статусун алды.

2015-жылы республикалык спорттук аскердик-атуулдук спортакиадасына активдүү катышып, министрликтин  сертификатына  ээ  болдук.

Жыл жыйынтыгы менен райондук  мектептер арасындагы  мелдеште 2015-2016-окуу жылында жана 2016-2017-окуу жылында I орунду, 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгында II орунду алдык.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Эң мыкты музей” кубөлүгүнүн ээси болдук.

2014-жылдан бери республика боюнча 30 инновациялык мектепке кирип, АӨБнын “ Секторду өнүктүрүү программасы боюнча: билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында 10-11-класстарга окуу китептерин апробациялоо ишине жана  5-6-класстардын окуу китептерин апробациялоо ишине активдүү катыштык. Ошол эле 4 кабинетти АӨБнын каржылоосу менен жасалгалоо иши болду: физика, биология, география кабинеттери жана мультимедиялык кабинет жаңыртылды.

2017-жылы эл аралык “Астротурнирге” окуучулар катышып III орунду алдык.

2015-2016-окуу жылында эл аралык “Инфознайка” олимпиадасына катышып окуучулар I, II,  III,  IV жана байгелүү орундарды алып,грамотага ээ болушту.

2017-2018-окуу жылында республикалык “Билимкананын” математика боюнча олимпиадасында 7 окуучубуз байгелүү орун алып, республика боюнча 30 мыкты мектептин катарына кирди.

2017- 2018 окуу жылында “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына  бир окуучу ээ болгон.

Район ичинде жайылтылган мелдеште 1, 2 орунга ээ болдук

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу үчүн областтык , райондук семинарлар өтүлдү.

Чилистен теледолбооруна окуучубуз Асанкадыров Билим катышып III орунду алган.

2018-2019-окуу жылында FLEX программасынын  II туруна 9-классынын окуучусу Керимов Дастан өткөн.

2018-2019-окуу жылында ACCESS  программасына 8 окууучу өтүп окуп жатышат.

2018-2019-окуу жылында Билимкана  олимпиадасынын 2-туруна 22 окуучу өтүп, ал эми 3-туруна 8 окуучу катышышты. Андан республикалык туруна 1 окуучу өткөн.

2018-2019-окуу жылында Х эл аралык илимий практикалык  симпозиумга мектептен 5 мугалим илимий макалаларды жазып жөнөтүштү.

2018-2019-окуу жылында Интеллектуалдык менчик мектеп окуучулардын көзү менен» темасында республикалык сынакка 4 окуучу катышты.

2018-2019-окуу жылында «Астро турнир» эл аралык сынагына 5 окуучу  катышып келишти.

2018-2019-окуу жылында «Аракет» программасынын республикалык туруна 3 окуучу өттү.

2018-2019-окуу жылында «XXI кылымдын интеллектуалдары» сынагынын  областтык турунда 2 окуучу «Мал семиртүүчү жайы» долбоору менен 2 орунга ээ болушту.

«Кыргызпатенттин» республикалык сынагына 11-классынын окуучусу Асанкадыров Билим катышып, 2-орунга ээ болду. АКМОО математика сынагына 6 окуучу катышып, 1-окуучу областтык сынакка катышты. Республикалык Билимкана олимпидасына кыргыз тилинен 6-классынын окуучусу Женишева Адиля, орус тилинен 10-классынын окуучусу Жыргалбекова Нуриза, математикадан 7-классынын окуучусу Асанова Алина катышып, алдынкы орундарга ээ болушту. Республикалык  «Жаша жер» экологиялык  акциясына 9-классынын окуучусу Кайратова Аяна катышып 2-орунду алды. Мугалими Турдукожоева Рыскул грамотага жана баалуу сыйлыктарга ээ болду.

Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «СИЛЬВА» окуу борборунун республикалык дилбаяндардын сынагына мектеп 2-орунга ээ болуп, Адунчиев Тууганбай-кыргыз тили мугалими грамотага, 4 окуучу грамота жана  баалуу сыйлыктарга ээ болду.

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Гимназиянын концепциясы

Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин өстүрүү менен ар тараптан өнүккөн чыгармачыл, заманбап инсандарды тарбиялоо.

 

Гимназиянын усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета